Өзбекстандын чек арачылары кыргызстандыкты жарадар кылышты

© Sputnik / Табылды КадырбековЧек арачы байкоочу сегинде. Архив
Чек арачы байкоочу сегинде. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандын жараны белине ок жеп, Өзбекстандын ооруканаларынын бирине жеткирилди. Аны сакайгандан кийин Кыргызстанга өткөрүп бере тургандыгын айтышты.

БИШКЕК, 7-сен. — Sputnik. Өзбекстандын чек арачылары кыргызстандыкты жарадар кылышты деп билдиришти Мамлекеттик чек ара кызматынын маалымат кызматынан.

Окуя Өзбекстандын Наманган облусунун Янги-Курган районундагы Гулистан аймагында болгон.

Чек ара кызматындагы маалыматтар боюнча, кыргызстандык жаран кыргыз-өзбек чек арасын мыйзамсыз кесип өткөн.

Кыргыз-өзбек чек арасындагы атышуу такталбаган аймакта болгон
Өз тарабына 250-300 метр ичкери кирип кеткендигин көргөн Өзбекстан чек арачылары ал кишиге курал колдонгон деп билдирди аталган ведомстводон.

Кыргызстандын жараны белине ок жеп, Өзбекстандын ооруканаларынын бирине жеткирилди. Аны сакайгандан кийин Кыргызстанга өткөрүп бере тургандыгын айтышты.

Эки тараптын чек ара кызматтарынын өкүлдөрү телефон аркылуу сүйлөшүүдө Өзбекстан тарап кыргызстандык жарандын абалы канааттандырарлык экендигин жана ал сакайгандан кийин кыргыз тарапка кайтарыларын айтышкан.

Өзбекстандык ЖМКлар чек араны бузуп өткөн кишинин чөнтөк телефонунда диний маанайдагы жазуулар бар экенин жана бул боюнча кылмыш иши козголгонун жазышкан.

КРдин Мамлекеттик чек ара кызматынан маалыматтар кыргыз жараны мекенине өткөрүп берилгенден кийин текшерилерин билдиришти.

Жаңылыктар түрмөгү
0