Кемпирди сабап кеткен киши милициянын колуна түштү

© Sputnik / Табылды КадырбековУлгайган аял таякча менен. Архив
Улгайган аял таякча менен. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бет капчан бейтааныш киши үйдүн кожойкесин сабаган соң, изин жашырып кеткен.

БИШКЕК, 5-сен. — Sputnik. ШИИБдин кызматкерлери 68 жаштагы пенсионерди сабап кеткен каракчыны ыкчам түрдө кармады. Бул туурасында шаардык Ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди. 

Жума күнү борбор калаанын Кемеров көчөсүндө жашаган пенсионер кечки саат алтыга чукул үйүнө белгисиз бирөөлөр кирип, аны уруп кеткендигин айтып, милиция кайрылган. 

Бет капчан бейтааныш киши үй ээсин сабагандан соң изин жашырып кеткен. 

Бишкек ШИИБдин кызматкерлери аталган шаардын 49 жаштагы тургунун кармады.

Жаңылыктар түрмөгү
0