Дунларов атындагы көпүрөнүн алдынан 61 жашар жарандын сөөгү табылды

© Sputnik / Юрий Лашов / Медиабанкка өтүүТез жардам автоунаасы. Архив
Тез жардам автоунаасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Куткаруучулар денени суудан чыгарып, Токмок шаардык милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

БИШКЕК, 2-сен. — Sputnik. Бишкек — Торугарт унаа жолунун 58-чакырымындагы Дунларов атындагы көпүрөнүн алдынан 61 жаштагы Алымбек Кутуевдин денеси табылганын ӨКМ билдирет.

Маалыматка ылайык, Кутуевдин жансыз денеси 1-сентябрь күнү табылган. Ал Кемин районунун Кош-Келең айылынын тургуну экени аныкталды.

Куткаруучулар денени суудан чыгарып, Токмок шаардык милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Жаңылыктар түрмөгү
0