Бөлүнгөн акчаны өзүнө ыйгарып, жасалма финансылык отчет берген кылмыштын бети ачылды

Жазылуу
Мындан улам мамлекетке 72 миң сом өлчөмүндө материалдык зыян келтирилгени белгилүү болду.

БИШКЕК, 28-авг. — Sputnik. Өнүктүрүү фонду тарабынан бөлүнгөн каражаттын 72 миң сомун өзүнө ыйгарып алганын Нарын шаарынын дене тарбия жана спорт бөлүмүнүн жетекчисине карата кылмыш иши козголгонун Башкы прокуратура билдирет.

Кыргыз валютасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Чаткалдын дарыгерлери 1 млн. сом ыйгарып алды деп шектелүүдө
Маалыматка ылайык, аталган жаран 2013-жылы бөлүмдү жетектеп турган маалында бөлүнгөн каражатты өзүнө ыйгарып, 92 миң сомго спорт костюмдары сатылып алынганы тууралуу жасалма финансылык отчет тапшырган. 

Мындан улам мамлекетке 72 миң сом өлчөмүндө материалдык зыян келтирилгени белгилүү болду. 

Учурда аталган кылмыш иши боюнча тергөө иштери жүрүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0