Арак ичип отуруп, бөтөлкөлөшүн бычактап өлтүргөн жаран колго түштү

© Sputnik / Алексей Куденко / Медиабанкка өтүүАрак. Архив
Арак. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Иликтөө иштеринин натыйжасында аталган кылмышка шектелип шаардын 46 жаштагы тургуну кармалган. Учурда ал убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө иштери улантылууда.

БИШКЕК, 24-авг. — Sputnik. Бишкек шаарынын Коммунарлар көчөсүндө жайгашкан үйдөн 40 жаштагы жарандын бычак жеп өлгөнүнө байланышкан кылмыш бети ачылганын Бишкек ШИИБ билдирет.

Бычак кармаган киши. Архив - Sputnik Кыргызстан
Чырдаша кетип кыздарынын көзүнчө келинди бычактап өлтүргөн адам кармалды
Кылмыш тууралуу маалымат 21-августта түшкөн. Окуя болгон жерге келген милиция кызматкерлери арактын бөтөлкөсүн, бычак, стакан табышкан. 

Иликтөө иштеринин натыйжасында аталган кылмышка шектелип шаардын 46 жаштагы тургун кармалган. Маалыматка ылайык, ал өлгөн адам менен арак ичип отуруп, уруша кеткен. Андан соң бөтөлкөлөшүн бир нече ирет бычак менен сайган. Алган жараттарынан улам экинчи жаран каза болгон.

Учурда кылмыш иши козголуп, шектелген адам убактылуу кармоочу жайга киргизилди, тергөө иштери улантылууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0