Сууга чөгүп кеткен эки баланын бири табылып, экинчиси изделүүдө

© flickr.com / Harold LitwilerСууда сактоочу посту. Архив
Сууда сактоочу посту. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Даниярдын жансыз денесин 21-август күнү эртең мененки саат 7.00дө сугатчылар арыктан таап, туугандарына өткөрүп беришкен. Ал эми аны менен кошо сууга чөгүп кеткен 9 жаштагы Бахром Каримовду издөө ушу күнгө чейин улантылууда.

БИШКЕК, 22-авг. — Sputnik. Үстүбүздөгү жылдын 19-августунда Ново-Покровка айылындагы Чоң Чүй каналына чөгүп кеткен эки баланын бири — 11 жаштагы Данияр Абдуллаевдин денеси табылганын ӨКМ билдирет.

Суунун жээги. Архив - Sputnik Кыргызстан
Сууга чөккөндөрдү издөө иштери бүгүн да улантылат
Маалыматка ылайык, Даниярды 21-август күнү эртең менен сугатчылар арыктан таап, туугандарына өткөрүп беришкен. Ал эми аны менен кошо сууга чөгүп кеткен тогуз жаштагы Бахром Каримовду издөө ушу күнгө чейин улантылууда.

Мындан тышкары, Ысык-Көлдүн Григорьевка айылында мүмкүнчүлүгү чектелген 14 жаштагы кызды куткарып, өзү сууга агып кеткен Памир Исмаевди жана Ново-Покровка айылындагы Чоң Чүй каналына чөгүп кеткен Ысык-Көлдүн 16 жаштагы тургуну Жаныбек уулу Азизди ишдөө иштери улантылып жатканын ӨКМ билдирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0