Сокулукта конус түрүндөгү жарылуучу зат табылды

© Sputnik / Табылды КадырбековМилиция кызматкеринин фуражкасы. Архив
Милиция кызматкеринин фуражкасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Үйүнөн жарылуучу зат табылган жаран анын Ленин атындагы заводдо иштеген чоң атасынан калганын айтууда. Зат экспертизага жиберилди.

БИШКЕК, 22-авг. — Sputnik. Иликтөө иштеринин натыйжасында Бишкек ШИИБ уюшкан кылмыштуулукка каршы башкармалыгынын кызматкерлери Сокулуктан жарылуучу зат табышкан.

Маалыматка ылайык, конус түрүндөгү жарылуучу зат аталган райондун 24 жаштагы тургунунун үйүнөн табылган.

Бул факт боюнча Бишкек БИИБ тергөө башкармалыгы тарабынан кылмыш иши козголду.

Үйүнөн жарылуучу зат табылган жаран анын Ленин атындагы заводдо иштеген чоң атасынан калганын айтууда. Зат экспертизага жиберилди.

Жаңылыктар түрмөгү
0