Сары-Таш — Карамык унаа жолунан 42 кг анаша менен тажик жараны кармалды

© Sputnik / Андрей Стенин / Медиабанкка өтүүГашиш. Архив
Гашиш. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Алынган баңгизат химиялык экспертизага жөнөтүлүп, кармалган адам убактылуу кармоочу жайга киргизилди

БИШКЕК, 20-авг. — Sputnik. Сары-Таш — Карамык унаа жолунан 41 килограммадан ашуун баңгизат менен Тажикстандын жараны кармалганын ИИМ билдирет.

Кара курай. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кетмен-Төбөдө кара куурай чогултуп жүргөн жергиликтүү тургун кармалды
Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 12-августунда Чоң-Алай РИИБ кызматкерлери тарабынан аталган унаа жолунун 130-132-чакырымында кармалган адам Жерге-Тал районунун тургуну экени аныкталган. 

Унаанын ичин текшерүү учурунда арткы орундуктун алдынан кара түстөгү эки сумкадан 41 килограмм 878 грамм анаша табылган.

Алынган баңгизат химиялык экспертизага жөнөтүлүп, кармалган адам убактылуу кармоочу жайга киргизилди. 

Учурда кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0