Сууга чөккөндөрдү издөө иштери бүгүн да улантылат

Жазылуу
Издөө иштерине чыккан куткаруучулардын аракетинен азырынча эч натыйжа чыга элек.

БИШКЕК, 20-авг. — Sputnik. Үстүбүздөгү жылдын 19-августунда Бишкек шаарындагы Чоң Чүй каналына 9 жаштагы Каримов жана 11 жаштагы Абдуллаев аттуу эки бала чөгүп кеткенин ӨКМ билдирет.

Каналдын жээги. Архив - Sputnik Кыргызстан
Сууга чөгүп кеткен эки адамдын бири табылып, экинчиси изделүүдө
Издөө иштерине чыккан куткаруучулардын аракетинен азырынча эч натыйжа боло элек.

Мындан тышкары, мүмкүнчүлүгү чектелген өспүрүм кызды куткарып, өзү сууга чөгүп кеткен Памир Исмаевдин жана 18-август күнү Новопокровка айылындагы сууга агып кеткен 16 жаштагы Каракол шаарынын тургуну Жаныбек уулу Азиздин денелери ушу кезге чейин табыла элек. 

Издөө иштери бүгүн да улантылат.

Жаңылыктар түрмөгү
0