Прокуратура атылган комиссардын орун басары өз өмүрүн өзү кыйышы мүмкүн деп эсептейт

Жазылуу
Нарын облусунда мылтыктын огунан каза болгон аскер комиссарынын орун басарынын жансыз денеси табылды.

БИШКЕК, 18-авг. — Sputnik. Нарын облусунун Кочкор районунда ишемби күнү аскер комиссарынын орун басарынын сөөгү табылганын КР Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын маалымат катчысы Гүлзат Жарашева билдирди.

Анын айтымында, мылтык огунан каза тапкан жаран Урмат Ибрагим уулу экени белгилүү болду.

"Сөөк табылган машинанын ичинде мылтыктын бар экени аныкталды. Куралды өлгөн адам өзү колдонгону же бирөө атып кеткени азырынча белгисиз", — деди Жарашева.

Урмат Ибрагим уулунун артында үч кичинекей баласы калды.

Ушул тапта буга чейин маалымат каражаттары жазып чыккандай өлгөн адамдын карыздары тууралуу маалымат текшерилип жатат.

Экспертиза өткөрүлүп, тергөө иштери башталды.

Жаңылыктар түрмөгү
0