"Хизб ут-Тахрирдин" мүчөсү Бишкектин жанында кармалды

Жазылуу
Андан тыюу салынган уюмдун идеялары чагылдырылган компакт диск, эки брошюра жана бир китеп алынган.

БИШКЕК, 18-авг. — Sputnik. Чүй ОИИБ 10-башкармалыгынын кызматкерлери "Хизб ут-Тахрир" диний-экстремисттик уюмунун мүчөсүн колго түшүрүшкөнүн мекеменин маалымат кызматы билдирет.

Текшерүү иштеринин натыйжасында Буденовка айылында Чүй облусунун 37 жаштагы тургуну кармалган. Андан тыюу салынган уюмдун идеялары чагылдырылган компакт диск, эки брошюра жана бир китеп алынган.

Кармалган адам мурда соттолгону аныкталды.

Жаңылыктар түрмөгү
0