Тоңдо Коңур-Өлөң суусу нугунан ашып кетти

© пресс-служба МЧС КРДамбаны коргоо иштерин жүргүзүү. Архив
Дамбаны коргоо иштерин жүргүзүү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Министрликтин маалымат кызматы аймакта жайгашкан турак-жайларды, короолорду суу каптабагандыгын кошумчалады.

БИШКЕК, 14-авг. — Sputnik. Тоң районунун Көл-Төр жана Коңур-Өлөң айылдарынын ортосунан өткөн Коңур-Өлөң суусу жээктен ашып, айдоо аянттарын каптоо коркунучу жаралды. Бул туурасында ӨКМдин маалымат кызматы билдирди. 

"Суунун оң жээгинин 1400 метр, сол жээгинин 500 метр аралыгын жууп кеткен. Ал жердеги дамба бузулуп, анын кесепетинен Көл-Төр жана Коңур-Өлөң айылдарынын ортосунан өткөн Коңур-Өлөң суусу жээкке чыгып кеткен", — деп билдирди министрликтин маалымат кызматынан. 

14-августтан тартып аталган тилкеде Өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү оюнча түндүк борборунан бир даана бульдозер тартылып, дамбаны коргоо иштери аткарылып жатат. 

Министрликтин маалымат кызматы аймакта жайгашкан турак-жайларды, короолорду суу каптабагандыгын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0