Кыргызстанда жасалма монеталар пайда болду

© Sputnik / Павел Лисицын / Медиабанкка өтүүМонета жасоо. Архив
Монета жасоо. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өлкөдө жасалма монеталар пайда болууда, бирок, азырынча алар экономикага кооптуулук жарата элек.

БИШКЕК, 12-авг. — Sputnik. Кыргызстанда жасалма монеталар айлантыла баштады деп билдирди Улуттук Банктын маалымат кызматы. 

Алар өтө чоң суммадагы акча болбогондуктан, азырынча Кыргызстандын экономикасына абдан олуттуу кооптуулук жарата албайт.

"Акыркы учурларда 10 сомдук монеталар акча жүгүртүүгө чыга баштады. Алар коммерциялык банктар Улуттук Банкка акчаны санап өткөрүп жатканда чыгып калып жатат", — деп билдиришти маалымат кызматынан. 

Аталган ведомствонун билдиргенине караганда, бүгүнкү күндө Кыргызстанда алардын саны анча көп эмес.

"Андыктан жасалма монеталар акча айлантууда көбөйүп кетет деп тынчызданууга негиз жок", — деп айтышты аталган ведомстводон. 

Укук коргоо органдары жасалма монета тараткандарды табуу боюнча тиешелүү иштерди жүргүзүп жатат.

Эмне үчүн кыргызстандыктар сактаган акчаларын алтын түрүндө кармаганы оң? Бул жөнүндө Sputnik инфографикасында көрө аласыздар>> 

Жаңылыктар түрмөгү
0