Атамбаев Казакстанда жол кырсыгына учурагандарга акча бөлдү

© Фото / пресс-служба МИД КРКазакстандын Жамбыл облусунун Моюнкум районунда 405-чакырымында автобус менен жеңил автоунаа кагышты. Архив
Казакстандын Жамбыл облусунун Моюнкум районунда 405-чакырымында автобус менен жеңил автоунаа кагышты. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Президенттин социалдык коргоо жана колдоо фондунан 700 миң сом материалдык жардам кырсыктагандарга бөлүндү.

БИШКЕК, 10-июль — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев 2015-жылдын 7-августунда Казакстандагы жол кырсыгында каза тапкандардын жана жабыркагандардын үй-бүлөлөрүнө жардам көрсөттү. Бул туурасында президенттин маалымат кызматы билдирди.

Президенттин социалдык коргоо жана колдоо фондунан 700 миң сом материалдык жардам бөлүндү. 

Казакстанда каза болгон кыргызстандыктардын сөөгү алынып келди
Автокырсыкта жабыр тарткан үчөө жана каза тапкан төрт адамдын үй-бүлөсү көрсөтүлгөн суммадан 100 миң сомдон алышат.

Казакстандын Жамбыл облусунун Моюнкум районунда 7-августта таңкы саат 06:40 чамасында "Алматы — Екатеринбург" кан жолунун 405-чакырымында автобус менен жеңил автоунаа кагышып, Кыргызстандын төрт жараны каза болуп, үч жаран оор абалда Приозерск шаарындагы оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган. 

Каза болгондордун сөөгүн кечээ, 9-августта ӨКМ Кыргызстанга алып келди.

 

Жаңылыктар түрмөгү
0