Башка бирөөлөрдүн документтери менен чек арадан өтүүгө аракет кылгандар кармалды

Жазылуу
Керектүү документтер толтурулгандан кийин кармалгандар тийиштүү органдарга өткөрүп берилди.

БИШКЕК, 7-авг. — Sputnik. Кыргызстандан өз мекенине кайтып бара жаткан Казакстандын 31 жаштагы жараны 6-августачек арадан башка бирөөнүн паспорту менен кармалганын Чек ара кызматы билдирет.

Кыргыз Республикасынын паспорту. Архив - Sputnik Кыргызстан
Башка паспортко өз сүрөтүн чаптап, чек арадан өтүүгө аракет кылган өзбек жараны кармалды
Маалыматка ылайык, "Акжол-автодорожный" көзөмөл пунктунда болгон окуяда паспорт КР жаранына тиешелүү экени аныкталган. 

Ошол эле күнү Ош аэропортунан Новосибирскиге бара жаткан 35 жаштагы Кыргызстандын жараны баласын башка бирөөнүн туулгандыгы тууралуу күбөлүгү менен алып өтүүгө аракет кылган. 

Керектүү документтер толтурулгандан кийин кармалгандар тийиштүү органдарга өткөрүлүп берилди.

Жаңылыктар түрмөгү
0