Башка паспортко өз сүрөтүн чаптап, чек арадан өтүүгө аракет кылган өзбек жараны кармалды

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргыз Республикасынын паспорту. Архив
Кыргыз Республикасынын паспорту. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Түркиядан учуп келген 47 жаштагы аялды "Ош" аэропортунан кармашты.

БИШКЕК, 6-авг. — Sputnik. Стамбул — Ош аба каттамы аркылуу Кыргызстанга Түркиядан башка бирөөнүн паспорту менен кирген өзбек жараны кармалганын Чек ара кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, паспорт КРдин жаранына тиешелүү болгон. Ага өзүнүн сүрөтүн чаптап алып, Түркиядан келген 47 жаштагы аялды "Ош" аэропортунун атайын кызматы колго түшүрүшкөн.

Тийиштүү документтер толтурулгандан кийин аял УКМК өкүлдөрүнө өткөрүп берилди.

Жаңылыктар түрмөгү
0