Кароосуз калган унаа Жети-Өгүз суусуна агып кетти

© Sputnik / Павел Петров / Медиабанкка өтүүСууга түшүп кеткен автоунаа. Архив
Сууга түшүп кеткен автоунаа. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Автоунаа эңкейиш жерден козголуп, Жети-Өгүз суусуна түшүп кеткен. Суу машинаны 70 метр аралыкка чейин агызып барган.

БИШКЕК, 6-авг. — Sputnik. Жети-Өгүз районундагы Көк-Жайык жайлоосунда эс алуучулардын "Тойота-Ипсум" унаасы сууга түшүп кеткенин ӨКМ билдирет.

Тез жардам автоунаасы.Архив - Sputnik Кыргызстан
Исфайрам дарыясына автоунаа түшүп, төрт адам каза болду
Маалыматка ылайык, айдоочу машинанын токтотуучу рычагын көтөрбөй туруп чыгып кеткен. Автоунаа эңкейиш жерде болгондуктан, ордунан козголуп, Жети-Өгүз суусуна түшүп кеткен. Суу машинаны 70 метр аралыкка чейин агызып барган. 

Кырсык 5-август күнү болгон. Жабыркагандар жок.

Окуя болгон жерге өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары барып, тростун жардамы менен автоунааны чыгарып, ээсине өткөрүп беришкен.

Жаңылыктар түрмөгү
0