Терроризмге үндөгөн чуулгандуу видео кайрылуу боюнча УКМК кылмыш ишин козгоду

Жазылуу
Кайрылуу жасаган адам 29 жаштагы, Жалал-Абадда туулган Кыргызстандын жараны экени, ал мындан бир жыл мурун Сирияга чыгып кеткени аныкталган.

БИШКЕК, 6-авг. — Sputnik. УКМК өзүн "Ислам мамлекети" террористтик уюмунун согушкери атап, кыргызстандыктарга видео кайрылуу жасаган жаранга карата кылмыш иши козголгонун мекеменин маалымат кызматы кабарлады. 

Буга чейин видео кайрылуунун  канчалык чындыкка дал келерин УКМК текшерип жаткандыгын билдирген. Чуулгандуу видео интернет айдыңында 25-июль күнү кечинде пайда болгон.

УКМК: чуулганду видео кайрылууну жасаган киши Сирияга бир жыл мурда кеткен - Sputnik Кыргызстан
УКМК: чуулгандуу видео кайрылууну жасаган киши Сирияга бир жыл мурда кеткен
Натыйжада кайрылуу жасаган адам 29 жаштагы, Жалал-Абадда туулган Кыргызстандын жараны экендиги, ал мындан бир жыл мурун Сирияга чыгып кеткени аныкталган. Азырынча кайсы жерде жүргөнү белгисиз. 

Аталган факт боюнча УКМКнын тергөө башкармалыгы Кылмыш жаза кодексинин террористтик же экстремисттик кылмыш жасоо же аны ишке ашырууга аракеттенүү, террористтик иш менен алектенүүгө үндөө, КР жаранынын чет жерде куралдуу кагылыштарга же согуштук аракеттерге катышуу, улуттук, расалык, диний жана аймактар аралык кастыкты жаратуу беренелеринин негизинде кылмыш ишин козгоду.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0