Ала-Арча капчыгайында жол кырсыгынан эки айлык баласы менен чет элдик жаран каза болду

© Sputnik / Павел Петров / Медиабанкка өтүүСууга түшүп кеткен автоунаа. Архив
Сууга түшүп кеткен автоунаа. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эки айлык баласы менен айдоочу кырсык болгон жерде каза болду. Анын 45 жаштагы Зейнеп аттуу жубайы дагы төрт баласы менен ооруканага жеткирилди.

БИШКЕК, 3-авг — Sputnik. Араб өлкөлөрүнүн биринен келген жаран эки айлык уулу менен Ала-Арча капчыгайында жол кырсыгынан каза болгонун ИИМ Жол кайгуул кызматы тастыктады.

Буга чейин Өзгөчө кырдаалдар министрлиги "Тойота" үлгүсүндөгү унаа Ала-Арчадагы сууга түшүп кеткенин кабарлаган.

Тез жардам автоунаасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Айдоочу рулду башкара албай, "Камаз" карагайды сүзүп ЧЧКга кулап кеткен
Жол кайгуул кызматынын маалыматы боюнча, кырсык 2-август күнү болжол менен саат 15.30 Ала-Арчага бараткан жолдо болгон. "Тойота Харриер" унаасын айдап келе жаткан 47 жаштагы Мухаммед "Ала-Арча" паркынан 10 чакырым жерден сууга кирип кеткен. 

Айдоочу эки айлык баласы менен кырсык болгон жерде каза болду. Анын 45 жаштагы Зейнеп аттуу жубайы дагы төрт баласы менен ооруканага жеткирилди.

Машина унаа токтотуучу жайга киргизилди. Окуя Жол кайгуул кызматы тарабынан иликтелип жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0