Кеминде үч унаа кагышкан жол кырсыгы катталды

© Sputnik / Табылды КадырбековАвтоунаанын дөңгөлөгүн алмаштыруу. Архив
Автоунаанын дөңгөлөгүн алмаштыруу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"УАЗ" машинасынын айдоочусу башынан жаракат алып, ооруканага жеткирилди. Тойотанын айдоочусу көкүрөгүнөн жаракат алган, бирок ооруканага баруудан баш тарткан. Үчүнчү унаанын айдоочусу жаракат алган эмес, учурда аты-жөнү такталып жатат.

БИШКЕК, 3-авг — Sputnik. Кемин районунда үч унаа кагылышкан жол кырсыгы катталганын ӨКМ билдирет.

Тез жардам автоунаасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жолдон чуркап өтүп бараткан баланы машина сүзүп, каза болду
Маалыматка ылайык, окуя Бишкек — Торугарт автожолунун 97-чакырымында болуп, "УАЗ", "Тойота" жана жүк ташуучу "Вольво" унаалары кагышкан. 

Натыйжада "УАЗ" машинасынын айдоочусу Эшимжанов башынан жаракат алып, ооруканага жеткирилди. "Тойотанын" ээси Дрожчи көкүрөгүнөн жаракат алган, бирок ооруканага баруудан баш тарткан. Үчүнчү унаанын айдоочусу жаракат алган эмес, учурда аты-жөнү такталып жатат.

Кырсык болгон жерге куткаруучулар келип, жабыркагандарга биринчи медициналык жардам көрсөтүшкөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0