Сууга агып, ташка такалып калган польшалык туристтин денесин чыгара албай жатышат

© Sputnik / Владимир Вяткин / Медиабанкка өтүүДарыя. Архив
Дарыя. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жанындагы калган тогуз турист шар аккан суунун катуу агымынан улам Миколай Лан Иэщски Волкту алып чыга алышкан эмес. Окуя болгон жерде уюлдук телефон тартпагандыктан, болжол менен 15 чакырым аралыкта жайгашкан чек ара заставанын посту аркылуу ӨКМнин райондук бөлүмүнө кабар беришкен.

БИШКЕК, 31-июль — Sputnik. Кадамжай районундагы Исфайрам дарыясына кулап кеткен польшалык турист Миколай Лан Иэщски Волк сууга асма көпүрөдөн өтүп баратып кулап кеткен. Бул туурасында маалыматты ӨКМдин маалымат кызматы билдирет.

29-июль күнү саат 19.40та чет элдик жаран белине жип байлап эски, бузулган асма көпүрөнүн тростору аркылуу аркы өйүзгө өтүп бара жатканда сууга түшүп кетип, 9-10 метрдей ылдыйда дарыянын аркы өйүзүндөгү ташка такалып калган. 

Сууга түшүү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Польшалык альпинист зоодон кулап, Исфайрам дарыясына агып кетти
Жанындагы калган тогуз турист шар аккан суунун катуу агымынан улам Миколай Лан Иэщски Волкту алып чыга алышкан эмес. Окуя болгон жерде уюлдук телефон тартпагандыктан, болжол менен 15 чакырым аралыкта жайгашкан чек ара заставанын посту аркылуу ӨКМнин райондук бөлүмүнө кабар беришкен.

Кырсык болгон жерге алты куткаруучу "Спринтер" унаасы менен чыгып, жол көрсөткөнү эки альпинист жана эки чек ара кызматкери кошулуп, 18 чакырым аралыкты жөө басышып, 30-июлда саат 11:20да окуя болгон жерге жетишкен. Дарыядагы суунун агымы катуу болгондуктан, аркы жээкке өтө албай ташка такалып калган адамдын денесин чыгара алышкан эмес. 

Кырсык болгон жерге кошумча участкалык инспектор, бир тергөөчү жана бир чек арачы барган. Адистер дарыянын жээгиндеги чоң дарактарды кыйып, убактылуу көпүрө жасап, ташка такалган адамды этияттык менен алып чыгуу мүмкүнчүлүгү бар экендигин айтышууда. 

Бүгүн, 31-июлда куткаруу иштери куткаруучулар кырсык болгон жерге жеткенден кийин башталат.

Жаңылыктар түрмөгү
0