Ала-Арча суусу көтөрүлүп, Сейил гүл багын каптоо коркунучу жаралууда

© Sputnik / Первенцев / Медиабанкка өтүүАла-Арча дарыясы. Архив
Ала-Арча дарыясы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда дарыянын жээктерин бекемдөө иштери жүрүп жатат.

БИШКЕК, 30-июль — Sputnik. Чүй облусундагы Ала-Арча суусу көтөрүлүп, Сейил гүл багын каптоо коркунучу жаралганын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Тийиштүү мекемелердин адистеринен жана Ала-Арча паркынын өкүлдөрүнөн турган ыкчам топ Чүй облусунун бийик тоолорунда жайгашкан көлдөргө аэровизуалдык көзөмөл жасаган. - Sputnik Кыргызстан
ӨКМ: суунун нугунан чыгуу коопчулугу байкалбайт
Учурда Ала-Арча дарыясы секундуна 26,2 кубометр агууда. Ал эми Аламүдүн суусу секундуна 23,8 кубометр көлөм менен агып, коркунуч сакталууда. 

Сейил гүл багын суу каптоо коркунучу жаралгандыктан, Ала-Арча дарыясынын жээктерин бекемдөө иш-чаралары башталды. 

Андан сырткары, суунун Электрик, Труд дачаларына жакын жээктери бекемделди. Жумушка ӨКМдин "ХОВО" үлгүсүндөгү төрт самосвалы, бир жүктөгүч, бир кран, райондук суу чарба башкармалыгынан бир жүктөгүч, бир экскаватор тартылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0