Жети миңден ашуун тамекини КРге мыйзамсыз ташып кирген тажик жараны кармалды

© Sputnik / Сергей Венявский / Медиабанкка өтүүТамеки чыгаруу. Архив
Тамеки чыгаруу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ал темекилерди Кыргызстандын базарларында сатууну көздөгөн.

БИШКЕК, 29-июль — Sputnik. Тажикстандан Кыргызстанга 7500 даана куту "Marlboro" үлгүсүндөгү тамекини мыйзамсыз алып келген тажик жараны кармалды. Бул тууралуу экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматынын маалымат кызматы билдирди.

Тажикстандын жараны тамекилерди Кыргызстанда сатуу максатында мыйзамсыз алып келген.

Аталган факты боюнча Кылмыш жаза кодексинин 204-беренесинин 1-бөлүмүнүн негизинде кылмыш иши козголду.

Жаңылыктар түрмөгү
0