Соттун жардамчысы параны кайтарып жатканда кармалды

Жазылуу
Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунун судьясы арыз ээсине алган парасын кайтарып аткан учурда кармалган.

БИШКЕК, 28-июль — Sputnik. Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунун судьясы арыз ээсине 1100 доллар көлөмүндөгү акчаны кайтарып жаткан учурда кармалды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматы билдирди.

УКМК: Сот мыйзам бузгандардан акча алып, сот жыйынына келбей коюуга уруксат берген
Аталган факты боюнча Башкы прокуратура Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунун судьясынын жардамчысына карата Кылмыш жаза кодексинин 313-беренеси (пара алууга ортомчулук кылуу) боюнча кылмыш ишин козгоду. 

Башкы прокуратуранын кызматкерлери экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматы менен биргеликте ыкчам иликтөө иштерин жүргүзүп, арыз ээсине 1 100 доллар өлчөмүндөгү акчаны кайтарып жатканда Свердлов райондук сотунун судьясынын жардамчысын кармашкан.

Учурда тергөө амалдары жүрүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0