Милиция видео байкоо камерасына түшүп калган ууруларды издеп жатат

Жазылуу
Көк-Жар айылындагы үйгө ууруга киргендер жалпы жонунан 100 миң сомдук зыян келтиришкен.

БИШКЕК, 28-июль — Sputnik. Көк-Жар айылындагы уурулук боюнча кылмыш иши козголгонун ИИМдин маалымат кызматы билдирди.

Буга чейин социалдык тармактарда видео байкоо камерасы тартып калган үйгө терезеден уурулукка кирип бара жаткан үч белгисиз адамдын видеосу жайгаштырылган. Аталган видео Facebook тармагында бир топ кызуу талкуу жараткан.

Эрте менен айылда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Ысык-Көлдө бир жарандын тогуз бодо малын уурдаган деп шектелгендер кармалды
ИИМ 24-июль күнү саат 21ден 24кө чейин белгисиз адамдар Аламүдүн районунда жайгашкан Көк-Жар айылындагы үйгө кирип, 8 миң сом, 68 миң сомдук алтын буюмдарын жана фотоаппарат алып кетишкенин маалымдаган. 

26-июль күнү аталган факт боюнча Аламүдүн РИИБ Кылмыш жаза кодексинин 164-беренесинин (Уурулук кылуу) негизинде кылмыш иши козголду. Иш-чаралардын планы иштелип чыгып, тийиштүү экспертизалар дайындалды.

Ыкчам-иликтөө тобу окуя болгон жерге бир сааттан кийин, кеч келгендигин ИИМ аталган топ кылмыш болгон башка жерде жүргөндүгү менен түшүндүрдү.

Иликтөө иштери жүрүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0