ӨКМ: "Мерц-Бахер" ташып баштады, ал аймакка барбоону эскертебиз

© Sputnik / Николай Волков / Медиабанкка өтүүАк-Суу районунун Эңилчек айыл аймагындагы бийик тоолуу "Мерц-Бахер" көлү. Архив
Ак-Суу районунун Эңилчек айыл аймагындагы бийик тоолуу Мерц-Бахер көлү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
ӨКМ Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгынын ыкчам тобу жана Ак-Суу районунун Жарандык коргоо комиссиясы жеринде ыкчам чара көрүү үчүн барарын билдирди.

БИШКЕК, 27-июль — Sputnik. Ак-Суу районунун Эңилчек айыл аймагындагы бийик тоолуу "Мерц-Бахер" көлү абанын температурасынын жогорулагандыгынан жана мөңгүлөрдүн эришинин кесепетинен жээгинен чыгып, ашып баштады. Бул туурасында ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.

"Алдын ала маалымат боюнча 2015-жылдын 27-июлунда саат 14:00 чамасында "Мерц-Бахер" көлү ташып баштаган. Андыктан, жарандарыбызды, аталган тоолуу аймактагы малчыларды, өлкөдөгү конокторду, эс алуучуларды аталган көлдүн аймагына барбоону эскертебиз", — деп билдирди ӨКМдин маалымат кызматы.

Дарыя. Архив - Sputnik Кыргызстан
Байтик айылында да суу көтөрүлүп, көпүрөнү жууп кетти
ӨКМден алардын Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгынын ыкчам тобу жана Ак-Суу районунун Жарандык коргоо комиссиясы жеринде ыкчам чара көрүү жана абалды изилдөө максатында айтылган аймакка чыгып кетерин билдирди.

"Мерц-Бахер" көлү — Ак-Cуу районундагы Эңилчек айылдык округуна караштуу Сары-Жаз жайлоосунда деңиз деңгээлинен 3304 метр бийиктикте жайгашкан. Узундугу 2-3 чакырым, туурасы 1,1 чакырым, аянты 4 чарчы чакырым,тереңдиги 60-70 метр. Мөңгү менен тосулуп, андан сынып, кетилген муз сыныктары(айсбергдер) көлдүн үстүндө калкып жүрөт. Көл жалпысынан экиге бөлүнгөн. Өйдө жагы муз менен капталып ылдый жагы суу болуп агып турат. 

Жаңылыктар түрмөгү
0