Ак-Талаада табылган снарядды адистер зыянсыздандырды

© Sputnik / Игорь Маслов / Медиабанкка өтүүСнарядды жок кылуу. Архив
Снарядды жок кылуу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Замбиректин огу Кара-Коо ашуусундагы малчыларга жана алардын мал-жандыктарына зыян келтирген жок

БИШКЕК, 27-июль — Sputnik. Ак-Талаа районунун Жээнтай айыл аймагында мал кайтарып жүргөн жаран таап алган снарядды ӨКМ менен Коргоо министрлигинин адистери зыянсыздандырды.

Жарылбай калган бул ок Казарман — Актал-Чат унаа жолунун 80-чакырымынан (Кара-Коо ашуусу) бир жума мурда табылган.

Аны алты күндөн кийин Коргоо министрлиги менен ӨКМдин зыянсыздандырган. 

"Кара-Коо ашуусундагы малчыларга жана алардын мал-жандыктарына зыян келтирилген жок", — деп билдирди ӨКМдин маалымат кызматынан.

Июндун башында да Калашников автоматынын окторун жана эки гранатаны жылкы издеп жүргөн жергиликтүү тургун Бишкек — Ысык-Ата жолунун 48-чакырымындагы аймактан таап алган.

Жаңылыктар түрмөгү
0