Баткен: Дарадагы кара жол менен түздүктөр жарылып, каттам кыйындады

© Абдишарип БекиловБаткен районунда Дара айыл аймагындагы Жанырык айылындагы Сох — Кан — Зардалы унаа жолунун үстүңкү жагындагы түздүктүн жарылган.
Баткен районунда Дара айыл аймагындагы Жанырык айылындагы Сох — Кан — Зардалы унаа жолунун үстүңкү жагындагы түздүктүн жарылган. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сох—Кан—Зардалы унаа жолунда пайда болгон жарака ары-бери өткөн унаа каттамдарына кыйынчылык жаратып жатат.

БИШКЕК, 24-июль — Sputnik. Баткен районунда Дара айыл аймагына караштуу Жаңырык айылындагы Сох—Кан—Зардалы унаа жолунун үстүңкү жагындагы түздүк жарылган. Анын бир катар жерлери 40-50 см. чөгүп, көлөмү болжол менен 2 млн. кубду түзөт. Бул туурасында ӨКМдин маалымат кызматынын жетекчиси Абдишарип Бекилов билдирди. 

Баткенде 100 гектар күрүч Сох дарыясынын алдында калды
Сох—Кан—Зардалы унаа жолунла узундугу 20 метр жарака пайда болуп, ары-бери өткөн унааларга кыйынчылык жаратып жатат.

ӨКМдин өкүлү жогорудагы жарака кеткен аймакт,а эгерде жамгыр бир топ убакыт токтобой жааса же жер титиресе, жер көчкү жүрүп, жолду басып, Көк-Суу дарыясын бууп калуу коркунучу бар экенин айтты.

Бул жагдайды 2015-жылдын 23-июлунда Баткен райондук Жарандык коргонуу комиссиясы көрүп, аныктаган жана Дара айыл аймагынын жашоочуларынын коопсуздугун эске алып, тез арада коркунучтун алдын алуу зарылдыгын айтышуда.

Жаңылыктар түрмөгү
0