Сузакта сууга агып кеткен жарандын денеси табылды

Жазылуу
Осмонбаевдин денесин плотинадан 3 чакырым төмөн жерде Благовещенко айылындагы лотоктон айыл тургундары таап, райондук милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

БИШКЕК, 21-июль — Sputnik. Жалал-Абаддын Сузак районунда плотинада сууга түшүп жатып агып кеткен 48 жаштагы Ормош Осмонбаевдин денеси табылганын ӨКМ кабарлайт.

Графие идиши. Архив - Sputnik Кыргызстан
Мас абалында сууга түшүп жаткан адам агып кеткен
Маалыматка ылайык, окуя 20-июлда саат 00.40 чамасында катталган. Достук айыл аймагына караштуу Октябрь айылынын тургуну Осмонбаев мас абалында сууга жуунуп жатып, плотинага кирип агып кеткен.

Кырсык болгон жерге барган куткаруучулар кара\гы болгондуктан, агып кеткен жаранды таба алышкан эмес.

21-июлда саат 06:00дө Осмонбаевдин денесин плотинадан 3 чакырым төмөн жерде Благовещенко айылындагы лотоктон айыл тургундары таап, райондук милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Жаңылыктар түрмөгү
0