ИИМ: жарым жыл ичинде экстремизм боюнча 103 кылмыш иши козголгон

© AFP / HAIDAR HAMDANI"Ислам мамлекетинин" аскерлери. Архив
Ислам мамлекетинин аскерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда Кыргызстанда ИИМдин каттоосунда экстремисттик уюмдардын активдүү делген 1847 мүчөсү турат.

БИШКЕК, 6-июль — Sputnik. Жарым жыл ичинде диний экстремизм боюнча 232дөн ашуун факт табылып, 103 кылмыш иши козголгон. Бул туурасында ИИМдин 10-бөлүмүнүн жетекчисинин орун басары Райим Салимов билдирди. 

Анын айтымында, учурда ИИМдин каттоосунда экстремисттик уюмдардын активдүү делген 1847 мүчөсү турат.

"Алардын көбү "Хизб ут-Тахрир" диний-экстремисттик уюмунун мүчөсү. ИИМдин 10-бөлүмү тарабынан "Экстремист" операциясы жүргүзүлүп, 25-июндан 4- июлга чейин экстремизмге, терроризмге чакырып, мыйзамсыз миграция боюнча иш алып барган канал табылды ", — деди Салимов.

Салимов мындай түшүндүрүү иштери эркектер менен катар эле аялдар арасында да жасалып келгендигин айтты. 

"Ош шаарынын Сулайман-Тоосундагы мечитте аялдар уюмдарынын лидерлерине 60тан ашуун лекция окулду. Аларга экстремисттик, террористтик уюмдардан алыс болуу зарылдыгы айтылып, аялдарын Берген суроолоруна  жооптор болушунча түшүнүктүү кылып берилди", — деди ал.

Учурда радикалдык уюмдарга кыз-келиндерди тартып, аялдар канатын түзгөн учурлар арбын кездеше баштады. Сирияга кеткен 400гө жакын кыргызстандыктардын ичинен 40ка жакыны кыз-келиндер.

Жаңылыктар түрмөгү
0