Баланы куткарам деп 43 жаштагы жаран да сууга чөгүп кеткен

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүСактоочу круг. Архив
Сактоочу круг. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Окуя Кемин районундагы Чымкоргон айылында суу сактагычта болгон.

БИШКЕК, 3-июль — Sputnik. Чүй облусунун Кемин районундагы Чымкоргон айылында суу сактагычка 2-июлда саат 20:50 чамасында 14 жана 43 жаштагы жарандар чөгүп кеткен. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2001-жылы туулган Рахат Женишбеков сууга чөгүп бараткан, аны куткаруу үчүн 1972-жылrы Бахтияр Назаркулов да сууга кирип, чөгүп кеткен. Женишбековдун сөөгүн айыл тургандары, Назаркуловдун сөөгүн КР ӨКМнин суучулдары суудан алып чыгышкан. Каза болгондорду туугандары алып кетишти.

Жаңылыктар түрмөгү
0