Чек арада дары-дармектин жана тазалоочу каражаттардын аткезчилиги аныкталды

© Sputnik / Михаил Воскресенский, STF / Медиабанкка өтүүБажы текшерүү жайы. Архив
Бажы текшерүү жайы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бир күндө өлкө аймагына мыйзамсыз киргизилип жаткан дары-дармек жана тазалоочу каражаттардын жолу буулду.

БИШКЕК, 29-июнь — Sputnik. Чек арада дары-дармектин жана тазалоочу каражаттардын аткезчилиги кармалганын Мамлекеттик бажы кызматы билдирет.

Чек ара. Архив - Sputnik Кыргызстан
Өзбекстандан аткезчилик менен алынып келе жаткан жер семирткич жана жез кармалды
Аталган каражаттарды өлкө аймагына мыйзамсыз киргизүү аракети Чүй облсунун "Ак-Жол" өткөрүү пунктунда аныкталган. Бажы кызматкерлери Тажикстандан алынып келаткан Иранда чыгарылган 404 кутудагы  тазалоочу каражаттарды кармашкан.

Ошол эле күнү аталган пункттан Казакстандан дары-дармек жана биоактивдүү кошулмаларды алып өтүүгө аракет кылган кыргызстандык жаран кармалган.

Учурда кылмыш жаза кодексинин "Аткезчилик" беренеси боюнча кылмыш иштери козголду.

Жаңылыктар түрмөгү
0