Сот аткаруучусу аукциондун документтерин жасалмалады деп шектелүүдө

© Sputnik / Руслан Кривобок / Медиабанкка өтүүАукцион. Архив
Аукцион. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сот аткаруучусу өз кызматынан кыянаттык менен пайдаланып, документтерди жасалмалоо аркылуу аукциондун ишке ашпай калды деп тапкан дейт УКМК

БИШКЕК, 10 июнь — Sputnik. Сот аткаруучу аукциондун документтерин жасалмалады деп шектелип жатканын УКМК маалымат кызматы билдирди.

Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын маалыматы боюнча, 2014-жылы сот аткаруучусу тарабынан сот чечими менен арестке алынган кыймылсыз мүлктү сатуу боюнча аукцион өткөрүлүп, анын жеңүүчүсү аныкталган (аты-жөнү аталбайт).

"Сот аткаруучусу өз кызматынан кыянаттык менен пайдаланып, документтерди жасалмалоо аркылуу аукциондун ишке ашпай калды деп тапкан ", — деп айтылат билдирүүдө. 

2015-жылдын 2-июнунда Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын материалдары боюнча Башкы прокуратура тарабынан Кылмыш жаза кодексинин 304-беренеси (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) жана 213-беренеси (Кызматтык документтерди жасалмалоо) боюнча кылмыш иши козголду.

Жаңылыктар түрмөгү
0