Суу түтүгүнүн жарылуусунан келип чыккан чыгымды "Бишкекжылуулуктармагы" көтөрөт

© Акылбек БатырбековАхунбаев-Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинде суу түтүгү жарылган.
Ахунбаев-Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинде суу түтүгү жарылган. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Абдыкалыковдун айтымында, "Бишкекжылуулуктармагынын" жана жабыркагандардын өкүлдөрү келтирилген зыянды эсептеп чыккандан кийин чыгымды жабуу тууралуу сөз кылууга болот.

БИШКЕК, 8 июнь — Sputnik. Суу түтүгүнүн жарылуусунан келип чыккан чыгымды "Бишкекжылуулуктармагы" ААК көтөрө турганын Sputnik агенттигине мекеменин жетекчиси Эркин Абдыкалыков билдирди.

Дүкөн менеджери: суу түтүгүнүн жарылышынан техниканын 90% жарабай калды
Ахунбаев-Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинде суу түтүгү жарылып, андан суу менен бирге таштар ыргып жатканын Sputnik агенттигине окуяга күбө болгон жаран билдирген. Суудан окуя болгон жерге жакын жайгашкан дүкөн имараттары жабыр тарткан.

Абдыкалыковдун айтымында, "Бишкекжылуулуктармагынын" жана жабыркагандардын өкүлдөрүнөн түзүлгөн комиссия келтирилген зыянды эсептеп чыккандан кийин чыгымды жабуу тууралуу сөз кылууга болот. 

"Бишкекжылуулуктармагы" ААК жабыр тарткан унаалардын чыгымын төлөп берүүгө милдеттендирилди. Окуя болгон жерде оңдоо иштери жүргүзүлдү.

Жаңылыктар түрмөгү
0