Дүкөн менеджери: суу түтүгүнүн жарылышынан техниканын 90% жарабай калды

© Кылыч КуталиевФонтан в 20 метров образовался из-за прорыва трубы на Ахунбаева
Фонтан в 20 метров образовался из-за прорыва трубы на Ахунбаева - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ахунбаев-Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинде суу түтүгү жарылып, андан суу менен бирге таштар ыргып жатканын окуяга күбө болгон жаран билдирген.

БИШКЕК, 8 июнь — Sputnik. Түтүктүн жарылышынан атып чыккан суу 500 чарчы метр аянтты 'ээлеген Samsung дүкөнүн каптап кеткенин Sputnik агенттигине дүкөндүн менеджери Рустам Артыкбаев билдирди.

Ахунбаев-Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинде суу түтүгү жарылып, андан суу менен бирге таштар ыргып жатканын окуяга күбө болгон жаран билдирген. Суу окуя болгон жерге жакын жайгашкан дүкөн имараттары жабыр тарткан.

Дүкөн менеджеринин айтымында, суу менен бирге ыргыган таштар дүкөндүн айнектерин талкалап кеткен.

"Залда жана витринада турган техниканын 90 пайызы жараксыз абалга келди. Сатып алуучулар да, кызматкерлер да эвакуацияланды. Жабыркаган адамдар болгон жок", — дейт Артыкбаев.

Менеджер учурда дүкөн кызматкерлери имарат ичин тазалап жатышканын кошумчалады.

"Экспертиза чыгымдын көлөмүн эсептеп жатат. Азырынча сумманы айтуу кыйын", — деди Артыкбаев.

"Бишкекжылуулуктармагы" ААК маалыматы боюнча, кырсык болгон жерде түтүктөр текшерүүдөн өтүп жаткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0