Сууга түшүп кеткен беш жаштагы бала Кара-Көлдө изделүүдө

Жазылуу
Баланы жергиликтүү тургундар менен биргеликте 18 куткаруучу издеп жатат, азырынча натыйжа жок.

БИШКЕК, 8 июнь — Sputnik. Куткаруучулар сууга түшүп кеткен беш жаштагы баланы издеп жатышканын ӨКМ маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 6-июнь күнү Кара-Көл шаарында жашаган бала Кара-Суу дарясына агып кеткен.

Баланы жергиликтүү тургундар менен биргеликте 18 куткаруучу издеп жатат, азырынча натыйжа жок деп билдиришти ӨКМден.

Жаңылыктар түрмөгү
0