Кыргызстанда кайрадан мыйзамсыз лотерея оюну өттү

Жазылуу
Аталган факт боюнча Кылмыш жаза кодексинин 180-беренеси (Мыйзамсыз ишкердүүлүк) боюнча кылмыш иши козголду.

БИШКЕК, 5-июнь — Sputnik. Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын (ЭКККМК) Ысык-Көл жана Нарын облустары боюнча башкармалыгынын кызматкерлери мыйзамсыз лотерея оюну өткөнүн аныкташканын мекеменин маалымат кызматы кабарлайт.

"Уруксат берүүчү документтери жок "Нооруз" лотереясын өткөргөн жаран аныкталды. Оюн өткөрүүнүн натыйжасында ал 702 миң сом пайда көргөн", — деп айтылат билдирүүдө.

ЭКККМК Ысык-Көл жана Нарын облустары боюнча башкармалыгынын тергөө болүмү тарабынан аталган факт боюнча Кылмыш жаза кодексинин 180-беренеси (Мыйзамсыз ишкердүүлүк) боюнча кылмыш иши козголду.

Буга чейин да март айында ЭКККМК Ош жана Баткен облустары боюнча башкармалыгынын кызматкерлери аты аталбаган жеке ишкердин тийиштүү документтерисиз "Үмүт-Тилек" лотерея оюнун өткөргөнүн аныкташкан. 

Жаңылыктар түрмөгү
0