Криминалдык авторитет "Карышкыр" Москвада кармалды

© предоставлено пресс-службой посольства КР в РФУмырзаков Мурсамлы Узакович "Карышкыр" деген каймана аты менен таанымал, мыйзамдагы ууру. Архив
Умырзаков Мурсамлы Узакович Карышкыр деген каймана аты менен таанымал, мыйзамдагы ууру. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аны кармоо учурунда жанынан курал жана нашаа табылган.

БИШКЕК, 2-июнь — Sputnik. "Карышкыр" каймана аты менен таанымал болгон криминалдык авторитет Москва шаарында кармалганын КРдин Россиядагы элчилигинин маалымат катчысы Айымкан Кулукеева билдирди.

Колго түшкөн "Карышкыр" күч органдарынын суроолоруна жооп берүүдө
Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин Россиядагы өкүлчүлүгүнүн маалыматына караганда, дүйшөмбү күнү Москва убактысы боюнча болжол менен кечки саат 6.20лар чамасында РФ ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгы менен биргеликте болгон ыкчам аракеттеринин жүрүшүндө "Строймастер" курулуш базарынын аймагынан төмөндөгүлөр кармалды:

Өмүрзаков Мурсалим Узакович, 06.04.1975-жылы туулган. Ысык-Көл облусунун Сары-Тологой айылында туулган. Буга чейин бир нече жолу соттолгон, "Карышкыр" деген каймана аты менен таанымал, мыйзамдагы ууру. Аны кармоо учурунда курал-жарак жана 31,6 граммдык нашаа табылган.

© предоставлено пресс-службой посольства КР в РФМакаилов Мирлан Эрмаматович Россиянын жараны, буга чейин соттолгон, уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү.
1/2
Макаилов Мирлан Эрмаматович Россиянын жараны, буга чейин соттолгон, уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү.
© предоставлено пресс-службой посольства КР в РФКармалган жарандардын автоунаасы.
2/2
Кармалган жарандардын автоунаасы.
1/2
Макаилов Мирлан Эрмаматович Россиянын жараны, буга чейин соттолгон, уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү.
2/2
Кармалган жарандардын автоунаасы.

Макаилов Мирлан Эрмаматович 19.05.1984-жылы туулган. Жалал-Абад шаарында туулган, Россиянын жараны, буга чейин соттолгон, уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү, курал-жарактарды мыйзамсыз сактоо жана алып жүрүү боюнча айыпталып мамлекеттер аралык издөөгө алынган.

Кармалган жарандар камакка алынды.

Жаңылыктар түрмөгү
0