Жер көчкү жүргөн аймакта дезинфекциялоо иштери жүргүзүлөт

© Sputnik / Константин Чалабов / Медиабанкка өтүүВласти научились контролировать граждан, работающих в карантинных зонах
Власти научились контролировать граждан, работающих в карантинных зонах - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Сузак районунун Кыр-Жол айылында жүргөн жер көчкүнүн кесепеттерин жойгон соң, Саламаттык сактоо министрлигинин санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл кызматы дезинфекциялоо иштерин жүргүзөт.

БИШКЕК, 25-май — Sputnik. Сузак районунун Кыр-Жол айылында жүргөн жер көчкү айылдагы фельдшердик пункту бузуп кеткендиктен, медициналык жардам жергиликтүү мектептин имаратында көрсөтүлүүдө. Учурда кырсык болгон жерде эки фельдшер, бир медайым, эки "Тез жардам" кызматынын автоунаасы, бир эпидемиолог жана үч дезинфектор иштеп жатканын саламаттык сактоо министри Талантбек Батыралиев билдирди.

Сузакта жер көчкүдөн жабыр тарткандар менен иштөөгө психологдор даяр
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кырсык болгон жердеги тазалоо иштерин аяктаган соң, Саламаттык сактоо министрлигинин санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл кызматы дезинфекциялоо иштерин жүргүзөт. Керектүү каражаттар жана кошулмалар жетиштүү көлөмдө.

Райондук ооруканага алынып келген жарандарга тийиштүү деңгээлде жардам берилип жатканын министр белгиледи.

23-майдан 24-майга караган түнү Сузак районунун Кыр-Жол айылында түшкөн жер көчкү 5 үйдү басып, алты киши  каза болгон. Алардын сөөгү 24-майда жерге берилди.

Жаңылыктар түрмөгү
0