Сот тыңчылык кылгандыгы үчүн айыпталып жаткан Муралиевдин ишин кароодо

Жазылуу
Өкмөттүн экс-чиновниги тыңчылык кылган жана чет өлкөлүк уюмдарга кызматтык жашыруун сыр ташыган деп айыпталып жатат.

БИШКЕК, 21 мая — Sputnik. Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда тыңчылык кылгандыгы үчүн айыпталуучу Алтынбек Муралиевдин кылмыш иши каралып жатканын УКМК басма сөз кызматы билдирди.

Алтынбека Муралиева - Sputnik Кыргызстан
Сот тыңчылык үчүн шектелген кызматкерди камакка алууга уруксат берди
Өкмөт аппаратынын эл аралык кызматташуу бөлүмүнүн мурунку жетекчиси өткөн жылдын ноябрь айында КРдин Кылмыш жаза кодексинин "Чет өлкөлүк уюмдарга кызматтык жашыруун сыр жеткирүү максатында маалымат жыйноо же чогултуу" беренеси боюнча Улуттук коопсуздук комитети тарабынан козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалган. 

УКМК "кылмыш иши жакында сотко өткөнүн" билдирди. Мекеме ММКларда жарыяланган Муралиев ушул убакытка чейин аталган кылмыш иши боюнча айыпталуучу катары тартыла элек деген айрым маалыматты четке какты. 

"Муралиевдин жактоочулары кылмыш ишинин бардык материалдары менен таанышкандан кийин аларга айыпталуучу катары тартуу жөнүндө токтом тапшырылган. Муну Муралиевдин койгон колу да тастыктап турат", — дешет УКМКда. 

Алтынбек Муралиев экс-премьер-министр Амангелди Муралиевдин уулу.

Мындан бир нече жыл мурун тыңчылык кылуу боюнча Жогорку Кеңеш аппаратынын кызматкери кармалган. Атайын кызматтардын маалыматы боюнча, ал "жашыруун" мөөр белгиси коюлган документтердин көчүрмөлөрүн чет өлкөлүк жарандарга берип жүргөн. Кийин ал мамлекетке чыккынчылык кылган деген айып менен жоопко тартылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0