Аламүдүн-1 кичи районундагы жыланды ӨКМ кармабайт

© Sputnik / Борис Ушмайкин / Медиабанкка өтүүТалаадагы жылан. Архив
Талаадагы жылан. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Чоң Чүй каналынын жээгиндеги бакка оролуп алган жыланды кичи райондун тургуну сүрөткө тартып алган. Бул сүрөт бир катар ЖМКлар менен социалдык тармактарга чыгып, кызуу талкуу жаратты.

БИШКЕК, 18-май — Sputnik. Аламүдүн-1 кичи районундагы Чоң Чүй каналынын жээгинде топтолгон жыландарды кармоонун зарыл эместигин Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирип, тынчсызданууга негиз жок деди.

Чоң Чүй каналынын жээгиндеги бакка оролуп алган жыланды кичи райондун тургуну сүрөткө тартып алган. Бул сүрөт бир катар ЖМКлар менен социалдык тармактарга чыгып, кызуу талкуу жаратты. 

ӨКМдин куткаруучулары кичи райондо болуп, суунун жээгинде топтолгон жыландардын уюлун аныкташкан.

"Жыландын баарын кармоонун кажети жок. Адистер менен кеңешкенден кийин булар кадимки жыландар экенин аныктадык. Алардын жергиликтүү тургундарга коркунучу жок. Жыл сайын бул учурда жыландар жупташат", — деп ӨКМ түшүндүрмө берди.

Куткаруучулар тобунун командири Рустам Жылкыбаев жыландардын узундугу бир метр экенин жана ал жергиликтүү тургундарга коркунуч жаратпай турганын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0