Өзбекстандан аткезчилик менен алынып келе жаткан жер семирткич жана жез кармалды

© AFP / Вячеслав ОселедкоЧек ара. Архив
Чек ара. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аткезчилик жүктүн болжолдуу баасы 70 миң сомдон ашык экенин мамлекеттик чек ара кызматы белгилөөдө.

БИШКЕК, 18-май — Sputnik. Баткен облусунун чек арачылары Өзбекстандан мыйзамсыз алынып келе жаткан жер семирткичти кармаганын Мамлекеттик чек ара кызматынын маалымат кызматы билдирди.

Чек арачылар бул жүктү 16-майда "Марказ" чек ара тозоту турган аймактан Кыргызстанга алып өтүүгө аракет кылган учурда кармашкан.

"Кыргызстандын үч жараны кыргыз-өзбек чек арасынан чек ара тозоту коюлбаган жерден 300 кг жезди жана 30 мүшөк жер семирткичти алып өтүүгө аракет кылышкан. Кармалган жарандардын жанында жүктү алып өтүүгө уруксат кагаздары болгон эмес", — деп айтылат чек ара кызматынын маалыматында.

Аткезчилик жүктүн болжолдуу баасы 70 миң сомдон ашат.

Тийиштүү документтер толтурулган соң, кармалган жарандар укук коргоо органдарынын кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.

Жаңылыктар түрмөгү
0