Таш-Көмүрдө автоунаа жардан кулап кетип, үч киши каза болду

© Sputnik / Владимир Пирогов / Медиабанкка өтүүОш-Бишкек жолу. Архив
Ош-Бишкек жолу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Таш-Көмүр шаарына жакын жердеги Аксы-Келдиш чегинде Honda accord үлгүсүндөгү автоунаа жолдон чыгып, 50 метр бийиктен жардан кулап кеткен. Анын кесепетинен үч киши каза болуп, бирөө жаракат алды.

БИШКЕК, 13 — май — Sputnik. Таш-Көмүр шаарына жакын жерде жолдон чыгып кеткен автоунаа жардан кулап, үч кишинин өмүрүн алып кетти. Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) маалымат кызматы билдирет. 

Тоодогу унаа жол. Архив - Sputnik Кыргызстан
ӨКМ: Бишкек-Ош жолунда кырсыктан каза болгон беш адамдын арасында балдар бар
12-майда Бишкек-Ош унаа жолунун 448-чакырымындагы Аксы-Келдиш чегинде Honda accord үлгүсүндөгү автоунаа жолдон чыгып, 50 метр бийиктиктен жардан кулап кеткен. Анын кесепетинен 3 киши каза болуп, бирөө жаракат алды.

ӨКМдин издеп куткаруу отрядынын куткаруучулары окуя болгон жерге барып, каза болгондордун сөөгүн жана жабыркаган адамды алып чыгышты.

"Тез жардам" бригадасы каза болгондордун сөөгүн Таш-Көмүрдөгү өлүкканага жана жабыркаган адамды шаардык ооруканага жеткирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0