Непалдагы Кыргызстандын жараны мекенине аман-эсен кайтып келди

© AFP / PRAKASH MATHEMAНепалда зилзала. Архив
Непалда зилзала. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандын Индиядагы элчилиги 30-апрель күнү кыргызстандык аялды Непалдан Дели шаарына Канаданын аскер-аба күчтөрүнүн жардамы менен алып келген.

БИШКЕК, 4-май — Sputnik. Непалдагы Кыргызстандын жараны ишемби күнү мекенине аман-эсен келгенин Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Буга чейин ТИМ Непалдагы жер титирөө болгон аймакта кыргызстандыктар жок экенин билдиришкен. Бир катар ЖМКлар зилзала болгон аймакта кыргызстандык жаран бар экенин билдиришкенден кийин, ТИМ маалыматты тактай тургандыгын маалымдаган.

Кыргызстандын Индиядагы элчилиги 30-апрель күнү кыргызстандык аялды Непалдан Дели шаарына Канаданын аскер-аба күчтөрүнүн жардамы менен алып келген.

"Учурда аял кызы менен Кыргызстанда. Алардын абалы жакшы, зилзала болгон аймактан алар жаракат алышкан эмес", — деп маалымдады министрлик.

Непал мамлекетинде ишемби күнү, 25-апрелде күчү 7,9 баллга жеткен жер титирөө болгон. Жер титирөөнүн очогу Катманду шаарынан 82 чакырым алыс түндүк-батыш тарапта катталган.

Өлкөнүн полициясы зилзаладан каза болгондордун саны 8 миңге жакындаганын билдирүүдө. 

Жаңылыктар түрмөгү
0