Сокулук районунда "Субару Форестер" менен "Хундай Портер" кагышып, эки киши каза болду

© Sputnik / Рамиль Ситдиков / Медиабанкка өтүүЖол белгилери. Архив
Жол белгилери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Хундай Портер" автоунаасынын ичине кыпчылып калган жаранды куткаруучулар чыгарып, тез жардам кызматына өткөрүп берген.

БИШКЕК, 30-апр. — Sputnik. Чүй облусунун Сокулук районунда шаршемби күнү саат 15:50 чамасында Военно-Антоновка — Совхоз Фрунзе унаа жолунда "Субару Форестер" менен "Хундай Портер" автоунаалары кагышып, эки адам каза болуп, бир киши жабыркаган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

"Хундай Портер" автоунаасынын ичине кыпчылып калган жаранды куткаруучулар чыгарып, тез жардам кызматына өткөрүп берген. Жаракат алган жаран Сокулук райондук ооруканасына жеткирилген.

Жаңылыктар түрмөгү
0