Кабаева аттуу Кыргызстандын жараны Тажикстандан аткезчилик арак менен кармалды

© Sputnik / Максим Богодвид / Медиабанкка өтүүКабаева аттуу Кыргызстандын жараны Тажикстандан аткезчилик арак менен кармалды
Кабаева аттуу Кыргызстандын жараны Тажикстандан аткезчилик арак менен кармалды - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Текшерүү маалында Кыргызстандан ташылып келе жаткан 240 даана бөтөлкө арак кармалган. Ал Кабаева аттуу Кыргызстандын жаранына таандык болгон.

БИШКЕК, 28-апр. — Sputnik. Кыргызстандын жараны Эльмира Кабаева Тажикстандан аткезчилик арак менен кармалганын Тажикстандын бажы кызматынын расмий сайтында жарыяланды.

Маалыматка ылайык, Тажикстандын Тоолуу Бадахшан автономдуу облусундагы бажы кызматынын аймактык башкармалыгынын кызматкерлери "Кызыл-Арт" көзөмөл өткөрүү пунктунан ЗИЛ – 130 үлгүсүндөгү жүк ташуучу автоунааны текшерүүгө алышкан.

Тинтүү учурунда Кыргызстандан ташылып келе жаткан, Кабаевага таандык 240 даана бөтөлкө арак табылган. Тажикстандын Бажы кызматынын маалыматына ылайык, кыргызстандык жаран бул оокаттарды мыйзамсыз алып өтүүгө аракет кылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0