Издөө салынган Бакиев Бишкекте кармалды

Жазылуу
Шаардык ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысынын айтымында, 2008-жылы алдамчылык боюнча издөөгө алынган Кубанычбек Бакиев өткөн ишемби күнү Биринчи Май райондук ИИБ кызматкерлери тарабынан кармалды.

БИШКЕК, 27-апр. — Sputnik. Бишкек шаарында башкы прокурордун мурдагы орун басары Кубанычбек Бакиев кармалганын шаардык ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Олжобай Казабаев Sputnik сайтына билдирди.

Чычкан суусуна кулаган "Хонда-Фиттин" ичинен бир аялдын сөөгү табылды
Анын айтымында, 2008-жылы алдамчылык менен айыпталган Бакиев өткөн ишемби күнү Биринчи Май РИИБдин кызматкерлери тарабынан кармалган.

Милициянын маалыматына ылайык, Бакиев прокурордун орун басары болуп иштеп турганда балдары жоголгон КР жаранынан аларды таап берем деп 35 миң долларын алдамчылык жол менен алган.

Башкы прокурордун мурдагы орун басары убактылуу кармоочу жайга камакка алынды.

Жаңылыктар түрмөгү
0