Издөөдө жүргөн криминалдык авторитет "Дженго" кармалды

© Sputnik / Виталий Белоусов / Медиабанкка өтүүИздөөдө жүргөн криминалдык авторитет "Дженго" кармалды
Издөөдө жүргөн криминалдык авторитет Дженго кармалды - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Дженго" каймана аты менен таанылган Досоновго Ош облустук прокуратурасы тарабынан Кылмыш жаза кодексинин "Адам өлтүрүү", "Укук коргоо органдарынын кызматкерлерине карата күч колдонуу", "Кылмыш иштерине катышуу" беренелери боюнча кылмыш иши козголгон.

БИШКЕК, 16-апр. — Sputnik. Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө издөөдө жүргөн криминалдык авторитет, 1971-жылы туулган Кадыр Досонов Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети тарабынан кармалганын аталган мекеменин маалымат кызматы билдирди.

"Дженго" каймана аты менен таанылган Досоновго Ош облустук прокуратурасы тарабынан Кылмыш жаза кодексинин "Адам өлтүрүү", "Укук коргоо органдарынын кызматкерлерине карата күч колдонуу", "Кылмыш иштерине катышуу" беренелери боюнча кылмыш иши козголгон.

Досонов милициянын полковниги Толкунбек Шоноевди өлтүрүүгө шектүү делип ИИМдин Уюушкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү Башкы башкармалыгы тарабынан 2015-жылдын башында издөөгө алынган. Укук коргоо органдарынын маалыматына ылайык, Досонов буга чейин да бир катар оор кылмыштары үчүн соттолгон.

Белгилей кетсек, 2013-жылдын 11-январында Кара-Суу районунун Папан айыл аймагында ИИМдин Уюушкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү Башкы башкармалыгынын түштүк аймак бөлүмүнүн жетекчиси, милициянын полковниги Толкунбек Шоноев өлтүрүлгөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0