Төрт жашар кызды зордуктоого шектелген жаран кармалды

© Sputnik / Виталий Белоусов / Медиабанкка өтүүКишен. Архив
Кишен. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы 2011-жылы төрөлгөн кызды зордуктады деп шектелген жаранга дүйшөмбү күнү кечинде издөө жарыялаган.

БИШКЕК, 14-апр. — Sputnik. Төрт жаштар кызды зордуктоого шектелген жаран кармалганын Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.

Буга чейин шаардык милиция 2011-жылы төрөлгөн кызды зордуктады деп шектелген жаранга дүйшөмбү күнү кечинде издөө жарыялаган.

Ыкчам аракеттердин жүрүшүндө Бишкек шаарынын жаңы конуштарынын биринен 1984-жылы туулган Ысык-Көл облусунун тургуну кармалган.

Бул жаран бардык күнөөсүн мойнуна алган. Жакын арада анын баш коргоо чарасы чечиле турганын милициядан маалымдашты.

Жаңылыктар түрмөгү
0