Чек арачылар мыйзамсыз ташылып бараткан алты тонна мандаринди кармашты

© Sputnik / Табылды КадырбековНовогодняя ярмарка в Бишкеке /
Новогодняя ярмарка в Бишкеке / - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандын эки жараны тийиштүү документтери жок жүк ташып бараткан жеринен Баткен облусунун Таз-Тумшук аймагынан кармалды.

БИШКЕК, 14-апр. — Sputnik. Жалпы суммасы 500 миң сомдон ашык аткезчилик жол менен ташылып бараткан алты тонна мандарин кармалганын КРдин Мамлекеттик чек ара кызматынын маалымат кызматы билдирди.

Кыргызстандын жараны чек арадан эки тонна бадыраң менен кармалды
Баткен облусунун чек арачылары Таз-Тумшук аймагынан "MAN" үлгүсүндөгү жүк ташуучу машина айдап бараткан Кыргызстандын эки жаранын кармашкан. Аларда өзүлөрү алып бара жаткан жүк боюнча тийиштүү документтери жок болуп чыккан. 

Тийиштүү документтер толтурулган соң, кармалган жарандар жана жүк Бажы кызматына өткөрүлүп берилди.

Жаңылыктар түрмөгү
0